Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Аллергиялык сезон башталып жатат - врачтан кеңеш алып, текшерүүдөн өтүңүз

14.03.2025

Жаздын келиши менен көптөгөн адамдар гүлдүү өсүмдүктөрдөн, чаңдан жана башка дүүлүктүрүүчү заттардан келип чыккан аллергиялык реакциялардын күчөшүнө дуушар болушат. Бул мезгилде симптомдорду контролдоо жана оорулардын алдын алуу үчүн тезинен медициналык жардамга кайрылуу өзгөчө маанилүү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) жарандарга Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында аллергияны аныктоо жана дарылоо маселелери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерден акысыз кеңеш алууга боло тургандыгын эскертет. Дарыгер алгачкы текшерүүнү жүргүзүп, белгилерин баалап, керек болсо акысыз лабораториялык анализдерге жөнөтөт.

Акысыз медициналык жардамды кантип алууга болот?

1.         ММКФ сайтынан камсыздандыруу статусун ММКФнын мобилдик тиркемесиндеги  foms.kg/ru/status/ сайтынан текшериңиз же күнү-түнү иштеген 113 шыр  байланышка чалыңыз. Эгерде сизде медициналык камсыздандыруу жок болсо, ММК полисин мобилдик тиркемелер, төлөм терминалдары же банктар аркылуу сатып алыңыз

2. ID картаңыз менен Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) катталыңыз.

3. Консультация жана текшерүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.

4. Көрсөтмөңүз бар болсо дарыгер ушул ҮМБда жүргүзүлүүчү лабораториялык изилдөөлөргө жолдомо берет.

Эмне үчүн өз убагында текшерүүдөн өтүшүңүз маанилүү?

  • • Аллергия мурундун агышы жана чүчкүрүү түрүндө гана көрүнбөстөн, бронхиалдык астма же анафилактикалык реакциялар сыяктуу олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
  • • Дарыгер гана аллергиянын себебин так аныктап, натыйжалуу дарылоону дайындай алат.
  •  Өзүн-өзү дарылоо абалыңызды начарлатып, оорунун күчөп кетишине алып келет.

Кошумча маалыматты ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышынан кошумча маалымат алсаңыз болот. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар – акысыз.

No tags added.