Кыргызстанда кош бойлуу аялдар каттоодон өткөндөн кийин ММК боюнча камсыздандырылган статусун алышат
17.03.2025
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) Кыргызстандын жараны болгон кош бойлуу аялдар үй-бүлөлүк дарыгердин каттоосунда турган болсо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттүү эмес экенин эскертет.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна (ҮМБ) биринчи жолу кайрылганда, үй-бүлөлүк дарыгер кош бойлуу аялдын маалыматтарын системага киргизүүгө милдеттүү. Ушул учурдан тартып ага 12 айга камсыздандырылган статусу ыйгарылат, ага Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз медициналык кызмат көрсөтүүгө укук берилет.
Акысыз медициналык кызматтардын тизмесине эмне кирет
ҮМБнын (бейтапкананын) дарыгерине барганда:
- үй-бүлөлүк дарыгерден жана атайын багыттагы адистерден текшерүүдөн өтүү жана консультация алуу.
- кош бойлуулукту текшерүү, анын ичинде медициналык документациясын (“Кош бойлуу аялдын жеке картасын”) тариздөө жана (“Кош бойлуу аялдын алмашуу картасын”) берүү.
- лабораториялык анализдердин базалык (12 түрү) жана кошумча (42 түрү), ошондой эле көрсөткүчтөрү болсо түйүлдүктү УЗИден өткөрүү.
Арзандатылган баа боюнча дары-дармектер менен камсыз кылуу:
- эгерде медициналык көрсөткүчтөр болсо, кош бойлуу аялга жеңилдетилген дары-дармектерге, мисалы, калий йодиди, фолий кислотасы жана темир кошулмалары (сироп жана тамчылар) базалык баадан 90-100% чейин арзандатуу менен электрондук рецепт берилет.
- ММК фонду менен кызматташкан дарыканаларда башка дары-дармектерге 50%га чейин арзандатуулар берилет.
Төрөт үйүнө же төрөт бөлүмүнө түшкөндө:
- бекер төрөт, анын ичинде “кесарево” жана наркоз;
- кош бойлуулук учурундагы кыйынчылыктар үчүн ооруканага жаткыруу;
- дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу (кымбат баалуу дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирбегендерин кошпогондо);
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
Бардык жеңилдиктерди алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин жашаган жериңиз боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна (ҮМБ) ID карта менен каттоодон өтүү.
- анализ тапшыруу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо алуу.
- төрөт үйүнө түшкөндө жаныңызда “Кош бойлуу аялдын алмаштыруу картасы” болушу.
ММКФ бардык болочок энелерди өз убагында каттоого турууга жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунун жеңилдиктеринен пайдаланууга чакырат.
Суроолор дагы барлы? Күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз.
Бардык түзмөктөрдөн чалуулар — акысыз.