ММКФ аялдарга ооруларды алдын алуу үчүн өз убагында консультациядан өтүп, сүт бездерин УҮИден өтүүнү сунуштайт
25.03.2025
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) аялдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда (ҮМБ) же жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) үзгүлтүксүз консультацияларды жана сүт бездерин текшерүүнү сунуштайт. Көрсөткүчүңүз болсо, сиз ультраүндүү изилдөөдөн өтсөңүз болот (УЗИ)
УҮИ – фиброкистоздук мастопатия, залалдуу шишик жана эмчек рагы сыяктуу эмчек ооруларын эрте аныктоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Үзгүлтүксүз текшерүү дарылоо эң натыйжалуу болгондо патологиялык өзгөрүүлөрдү алгачкы этапта аныктоого жардам берет.
Камсыздандырылган жарандарга кандай артыкчылыктар берилет?
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында ММК системасында камсыздандырылган аялдар үчүн төмөнкүлөр берилет:
- ҮМБда же ЖДПБда акысыз консультация жана текшерүү.
- Изилдөө ошол эле мекемелерде жүргүзүлсө сүт бездеринин УҮИ 50% арзандатуу менен.
- Дарыгердин жолдомосу боюнча (көрсөткүчү бар болсо) акысыз лабораториялык анализдер.
Артыкчылыктарды пайдалануу үчүн төмөнкүлөр керек:
1️. Тиешелүү Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) каттоосу.
2️. Лабораториялык анализдерге жана УҮИге үй-бүлөлүк дарыгериңизден жолдомо алуу.
3️. Текшерүүгө мүмкүн болгон ММК полиси бар болушу:
- ММКФнын сайтында https://foms.kg/ru/status/
- “ММКФ” мобилдик тиркемесинде (бардык түзмөктөр үчүн акысыз)
- күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышында.
Эгерде үй-бүлөлүк дарыгер бейтапты адистештирилген медициналык мекемелердеги УҮИге (мисалы, Улуттук онкология борборуна) жөнөтсө, текшерүү үчүн төлөм белгиленген тариф боюнча кассалык аппарат аркылуу жүргүзүлөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн өзүңүздүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз же күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз.
Маалымдама: Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын эмчек рагы катталат, бул аялдар арасындагы рактын ичинен биринчи орунда турат.