Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММКФ: Майлуу гепатозду эрте аныктоо жана бекер диагностика жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө

04.04.2025

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) камсыздандырылган жарандарды боордун эң кеңири таралган ооруларынын бири болгон майлуу гепатозду (боордун стеатозу) эрте аныктоо максатында алдын ала текшерүүлөрдөн өтүүгө чакырат, ал көп учурда симптомсуз өтөт жана олуттуу күчөп кетүүгө алып келиши мүмкүн.

Текшерүүдөн акысыз кантип өтүш керек

Камсыздандырылган жарандар Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу менен алдын алуу текшерүүлөрдөн акысыз өтө алышат, алар:

  • • метаболикалык синдромдун белгилерин текшерүү;
  • • биохимиялык кан анализине жөнөтүү (АЛТ, АСТ, билирубин ж.б.);
  • • бекитилген Прейскурант боюнча 50% арзандатуу менен боорду УҮИге изилдөөгө жолдомо алуу (УЗИ).

Акысыз кызматтарды алуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  1. ММК системасында камсыздандырылган болушу (эгерде полис жок болсо, сатып алса болот);
  2. Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып үй-бүлөлүк дарыгерге катталуу;
  3. Текшерүүгө жолдомо алуу.

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын бири жок болгон учурда, медициналык кызматтар көрсөтүлгөн баа прейскуранты боюнча төлөнөт. ММКФ боор ооруларын алдын алууну кечиктирбөөнү жана акысыз же жеңилдетилген шарттарда текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн колдонууну сунуштайт.

Кошумча маалымат алуу үчүн ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына кайрылыңыз.

Маалымдама:

Боордун майлуу оорусу боор клеткаларында майдын топтолушу менен мүнөздөлөт. Өз убагында диагноз койбосо жана жашоо образын оңдобосо, оору стеатогепатитке, фиброзго жана боордун циррозуна чейин өтүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле 2-типтеги кант диабети жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучу да жогорулайт. Эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча алкоголсуз боордун майлуу оорусу чоң адамдардын 6,3-33%ында кездешет. Ал эми ашыкча салмактуу жана семиз адамдарда бул көрсөткүч 62–93%га чейин жетет.

Майлуу гепатоздун өнүгүүсүнүн негизги себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
— кант менен май көп болгон туура эмес тамактануу;
— кыймыл-аракетсиз жашоо образы;
— семирүү жана метаболикалык синдром;
— эндокриндик бузулуулар жана инсулинге туруктуулук;
— айрым дары-дармектерди (антибиотиктер, гормондор, кортикостероиддер) узак убакыт колдонуу;
— спирт ичимдиктерин көп колдонуу.

Алгачкы этаптарда оору байкалбашы мүмкүн, бирок төмөнкүдөй белгилер болот: ал алсыздык, чарчоо, оң капталдын кабыргасынын астында оор болушу, иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү, жогорку кан басымы, курсак жагынын семирүүсү, кандагы канттын жана холестериндин жогорулашы.

No tags added.