Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен “DK Consulting” компаниясы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

18.04.2025

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана “DK Consulting” компаниясы (Корея Республикасы) кызматташтыкты бекемдөө жана Кыргыз Республикасындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бүгүн, 2025-жылдын 18-апрелинде Меморандумга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов жана DK Consulting Co.Ltd. компаниясынын жетекчиси Дэвид Ким тарабынан кол коюлду. Тараптар Кыргыз Республикасынын улуттук медициналык камсыздандыруу системасынын башкы планын иштеп чыгууга багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырууну макулдашты.

Меморандумдун жоболоруна ылайык, тараптар төмөнкүдөй багыттар боюнча кызматташууну пландаштырууда:

  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча жол картасын жана комплекстүү планын иштеп чыгуу, анын ичинде пилоттук долбоорлордун негизги планын даярдоо;
  • KOICA, KOFIH жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын айрым региондорунда же шаарларында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана аны санариптештирүү чөйрөсүндө ММК фондунун адистерин окутуу программаларын жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
  • Клиникалык-диагностикалык стандарттарды иштеп чыгуу, камсыздандыруу учурларын баалоо, финансылык башкаруу жана камсыздандыруу системасын санариптештирүү үчүн программалык камсыздоону ишке ашыруу маселелери боюнча Корея Республикасынан эксперттик консультацияларды берүү.
  • Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүүгө түрткү болот.

No tags added.