Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фонду чет өлкөлүктөр жана чет өлкөлүк студенттер үчүн ММК полисин алуу жөнөкөйлөтүлдү

03.07.2025

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана өлкөнүн билим берүү мекемелеринде Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында окуган чет өлкөлүк студенттердин   медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин  тариздөөнүн жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү.

Эмне өзгөрдү?

  1. Эми ММК полисин тариздөө үчүн идентификациялык жеке номери талап кылынбайт.
    2. Инсандыгын күбөлөндүргөн ар кандай документти берүү гана жетиштүү.
    3. Эгер ИЖН жок болсо, полисте күбөлөндүрүүчү документтин номери көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (ММК) сатып алуу “Кыргыз Республикасындагы жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү түрдө жүргүзүлөрүн эскертебиз.

Маалымдама:

ММК полисинин наркы чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк студенттер үчүн төмөнкүдөй болот: 

  • 6 календардык айга – 5 955 сом;

- 12 календардык айга – 11 910 сом.

ММК полиси таризделген күндөн тартып 5 календардык күн өткөндөн кийин иштей баштайт.

Эгер суроолор болсо, ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз. Чалуулар бардык түзмөктөрдөн – акысыз.

 

No tags added.