ММКФ: Канттын деңгээлин контролдоо – кант диабетин алдын алуу үчүн негиз
21.07.2025
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарды кандагы жана заарадагы глюкозанын (канттын) деңгээлин өз убагында текшерүүдөн өтүүгө чакырат, бул диабетти жана кант диабетин алгачкы этапта аныктоого жардам берет.
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) алкагында Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандар үчүн кандын сывороткасындагы жана заарадагы глюкозаны текшерүү акысыз жүргүзүлөт.
Кандагы кантты 2-типтеги кант диабетинин симптомдору пайда болгонго чейин аныктоо жана эрте табуу үчүн негизги скрининг (текшерүү) ыкмасы болуп саналат.
Заарадагы глюкоза анализи – кошумча изилдөө ыкмасы болуп эсептелет. Ченеми боюнча заарада глюкоза жок. Анын пайда болушу бөйрөктүн глюкоза өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ашып кеткендигин көрсөтүп турат жана кандагы канттын деңгээли бир аз жогору болгондо гана жашыруун диабеттин белгилеринин бири болушу мүмкүн.
Дарыгерлер кимдерге текшерүүдөн өтүүнү сунуш кылышат?
- 40 жаштан ашкан адамдарга;
- Салмагы ашык же семирип кеткен бейтаптарга;
- Кант диабетине тукум куучулук менен ооруган адамдарга;
- Гестоз диабети менен ооруган 4 кг ашык бала төрөгөн аялдарга;
- Артериалдык гипертензия (басым), өнөкөт боор жана бөйрөк оорулары менен ооругандарга.
Кантип текшерүүдөн өтсө болот?
- ҮМБнын (Үй-бүлөлүк медициналык борбору) үй-бүлөлүк дарыгерине же ЖДПБга (Жалпы дарыгердик практика борбору) катталыш керек.
- Дарыгердин консультациясынан өтүү.
- Лабораториялык анализдерге жолдомо алуу.
- Мамлекеттик лабоораторияларга акысыз анализ тапшыруу.
Дагы суроолор барбы? ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз, чалуулар – акысыз.
Справочно: Уровень глюкозы натощак в норме составляет 3,9–5,5 ммоль/л. Если показатель превышает 6,1 ммоль/л, рекомендуется пройти дополнительное обследование.