Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

 ММК фондунун пикир лидерлери жарандардын укуктарын саламаттык сактоо тармагында коргоого жардам беришет

05.09.2025

2025-жылдын башталышынан тартып Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) «элчилери» 7 234 адамды камсыздандырууга жардам беришти. Бул — өлкөнүн бардык облустарындагы активисттер, жамааттардын лидерлери. Алардын негизги милдети — медициналык сабаттуулукту жогорулатуу, ММК системасына ишенимди бекемдөө жана жарандардын мамлекет тарабынан кепилденген медициналык кызматтарды алуу укуктарын түшүндүрүү.

2024-жылы ММК фонду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен аймактарда лидерлер тобун түзүп, аларды WhatsApp чаттарына бириктирген. Катышуучулар медицина тармагындагы негизги укуктар боюнча окутуудан өтүп, азыр өз районуна, облусуна караштуу тургундардын системада багыт алышына жардам берип келишет: ММК полисин кантип алууну түшүндүрүү менен жолугушууларды уюштуруп жана жеке тажрыйбалары менен бөлүшөт.

ММК фондунун адистеринин кураторлугунун алдында лидерлер система менен коомдун ортосундагы чыныгы көпүрөгө айланышты. Алардын аракети аркылуу адамдар медициналык камсыздандырууга ишене башташты, өз укуктарын жакшыраак түшүнүп, медициналык кызматтарды алууда колдонуп калышты.

ММК фонду 2023-жылдан тартып аймактардагы кадыр-барктуу жамаат өкүлдөрү менен иштөөгө басым жасап, маалыматтык кампанияны туруктуу түрдө өнүктүрүп келе жатат. Мындай ыкма өз жемишин берүүдө: маалыматтык иш бара-бара ар бир жаран өзүнүн медициналык жардам алуу укугу корголгонун сезе турган туруктуу коомдук механизмге айланып жатат.

No tags added.