Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фонду иштеген жарандарды медициналык кызматтарды алууга болгон укугу жөнүндө маалымдайт

11.09.2025

Иштеп жаткан көптөгөн жарандар үчүн иш берүүчүлөр камсыздандыруу төлөмдөрүн которуп турушат, ошондуктан алар милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) системасына киргизилген жана өлкөдөгү мамлекеттик медициналык уюмдардан кеңири спектрдеги медициналык жана алдын алуу кызматтарын акысыз алууга укуктуу.

Үй-бүлөлүк дарыгерге кандай жардам менен кайрылса болот:

  • алдын алуу (кароо, консультация, скрининг);
  • медициналык (дарылоо жана көзөмөлдөө).

Кандай алдын алуу кызматтары акысыз жеткиликтүү:

  • жашоо образын, тамактануу, тамекини, алкоголду жана башка зыяндуу адаттарды таштоо боюнча консультациялар;
  • кандагы жана заарадагы кантты текшерүү (кант диабетине скрининг);
  • кан басымын өлчөө жана контролдоо;
  • 18 жаштан тартып жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучун баалоо.

Үй-бүлөлүк медицина борборунда кандай медициналык кызматтар акысыз жеткиликтүү:

  1. Кабыл алуу, консультация жана дарылоо, анын ичинде 52 түрдүү лабораториялык изилдөө (көрсөткүчтөргө жараша).
  2. Диагностикалык изилдөөлөр жана кызматтар 50% арзандатуу менен (УҮИ, рентгенография, күндүзгү стационар, физиотерапия).
  3. Электрондук рецепт боюнча жеңилдетилген дары-дармектер 50%га чейин арзандатуу менен.

Стационарда кандай медициналык кызматтар жеткиликтүү (орто деңгээлдеги кошумча төлөм жүргүзүүдө):

  1. Стандарттык палатада болуу.
  2. Дарылоо (терапевттик же хирургиялык, анын ичинде операция жана наркоз).
  3. Жашоодо зарыл болгон тизмедеги дары-дармек каражаттары (наркоз каражаттарын кошкондо).
  4. Медициналык манипуляция (таңуу, инъекция ж.б.).
  5. Стационардык картадан маалымкат же көчүрмө берүү.

Маанилүү:

  1. ҮМБда үй-бүлөлүк дарыгерге катталуу.
  2. Лабораториялык, диагностикалык текшерүүлөргө, ошондой эле ооруканага жаткырууга жолдомо алуу.
  3. ММК статусунун актуалдуулугун текшерүү ( «Түндүк» порталы, ММКФ сайты, «ММКФ» мобилдик тиркемеси же 113 күнү-түнү иштеген шыр байланышы).

No tags added.