Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММКФ: рентгенге төлөө тартибин түшүндүрөт

21.11.2025

Медициналык уюмдарда жарандардын рентгенге кайрылуусу көбөйдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) аларга бейтаптын статусуна жана жолдомо болушуна жараша төлөм эрежелерин эскертет.

Эгерде бейтап Үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМБ) же Жалпы дарыгердик практика борборуна (ЖДПБ) кайрылса:

үй-бүлөлүк врачтын жолдомосу бар болсо нарктын 50% төлөнөтт: 

  • жеңилдетилген категориядагы жарандар, анын ичинде бардык курактагы балдар жана пенсионерлер;
  • камсыздандырылган жарандар.

жолдомосу жок  кайрылганда нарктын 100% төлөнөт:

  • жеңилдетилген категориядагы жарандар, анын ичинде бардык курактагы балдар жана пенсионерлер;
  • камсыздандырылган жарандар;
  • камсыздандырылбаган жарандар.

Төлөм саламаттык сактоо уюмунун прейскуранты боюнча жүргүзүлөт.

Эгерде сөз ооруканага жаткырылган бейтаптар жөнүндө болуп жатса:

Рентгенография стационарда акысыз жүргүзүлөт, анын ичинде:

  • бардык курактагы балдар жана пенсионерлер;
  • ооруканага жаткырууда кошумча төлөм төлөгөн камсыздандырылган жана камсыздандырылбаган жарандар.

ММКФ эскертет: ҮМБ/ЖДПБга кайрылган учурда жолдомонун болушу арзандатылган баада кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн милдеттүү шарт.

Суроолор барбы? Күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз.

No tags added.