ММКФ түшүндүрөт: ооруканага жаткыруу жолдомолору аралыктан берилбейт
18.11.2025
ММК фонду жарандардын көңүлүн ооруканага жаткыруу тартибин сактоого бурат. Акыркы убакта дарыгерлер ооруканага жаткыруу жолдомосун аралыктан бербегендиги жөнүндө кайрылуулар 113 шыр байланышына түшүүдө.
Бул медициналык жардам көрсөтүү тартибине туура келбегендигин билдиребиз. Төмөнкү колдонуудагы талаптарга ылайык:
Дарыгер ооруканага жаткыруу зарыл болгон учурда бейтапты жеке өзү кароого милдеттүү.
• Дарыгер кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон базалык анализдерди жана изилдөөлөрдү дайындашы мүмкүн, аларды бейтап акысыз тапшыруу укугуна ээ болот.
- Анализдерди тапшыруу үчүн Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) каттоодон өтүп, колдонуудагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси да бар болушу керек.
- Анализдердин жыйынтыктары алынгандан кийин жана медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда гана пландуу түрдө ооруканага жаткыруу жолдомосу берилет.
- Жеке кароосу жана медициналык көрсөтмөлөрү жок болсо, ооруканага жаткыруу дайындалбайт, мындан тышкары ооруканалар кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.
ММК фонду бардык жарандарды белгиленген тартиптерди сактоого, Үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМБ) катталууга жана ММК полисин сатып алууга, ошондой эле түшүндүрмө алууда же мыйзам бузуулар болгон учурда 113 шыр байланышына өз убагында кайрылууга чакырат.
ММК фонду – ар бир жаранга жеткиликтүү жана коопсуз медициналык жардам көрсөтүүнү жактайт!