ММК фонду Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары үчүн жеңилдетилген дары-дармек каражаттарынын Маалымдамасын жаңылады.
01.12.2025
ММКнын Кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек каражаттарынын жаңыланган Маалымдамасы 2025-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет. Маалымдамада амбулаториялык деңгээлде дарыкана тармагы аркылуу жеңилдетилген программалар боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын компенсациясынын өлчөмдөрү жаңыртылган.
Эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы боюнча Маалымдамага 7 аталыштагы эл аралык патенттелбеген дары-дармек каражаттары тандалып алынган жана киргизилген (антитиреоиддик каражат, жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн препараттар, диуретикалык каражаттар, транквилизатор, медикаментоздук аборт үчүн каражаттар).
Кошумча пакет боюнча дары-дармектерди ММК фонду менен иштеген дарыканалардан электрондук рецепт боюнча 50% га чейин арзандатуу менен сатып алууга болот. Бул үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек, ал консультациядан кийин көрсөтмөсү болгон учурда электрондук рецепт жазып берет.
Жаңыланган Маалымдама менен кеңенирээк таанышсаңыз болот: https://foms.kg/spavochniki/
Жаңыланган Маалымдама менен кеңенирээк таанышсаңыз болот: https://foms.kg/spavochniki/
Антитиреоиддик каражат Тиамазол (Тирозол);
транквилизатор Алпразолам (Золомакс);
медициналык бойдон алдыруу үчүн каражаттар Мифепристон (Миропристон,) жана Мисопростол (Миролют Одежда, Сайтотек); диуретикалык каражаттар Торасемид (Мидотор, Тадрета, Торсид); жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоочу дары-дармектер (Атосар-50,Лозартан, Ламберг, Лориста) жана Валсартан (Валз, Вальсакор, Ванатекс).