Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

6 жашка чейинки балдарды ооруканага жаткыруу зарыл болгон учуда аларга медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттарын эскертет.

09.12.2025

6 жашка чейинки балдар жарандардын артыкчылыктуу категориясы болуп эсептелет жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стационардык шартта акысыз дарыланууга укуктуу.

Стационардык медициналык кызматтар акысыз (кошумча төлөмсүз) көрсөтүлөт:

6 жашка чейинки бала медициналык көрсөткүчтөр боюнча ооруканага жаткырылганда, ата-энелер төмөнкү негизги медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр үчүн эч кандай төлөмдөрдү (кошумча төлөмдү) төлөбөйт:

1. Дарылоо жана байкоо: дарыгер-адистердин кароосу, консультациясы жана дарылоонун толук курсу диагнозго ылайык жүргүзүлөт.

2. Диагностика: Бардык зарыл болгон стандарттык лабораториялык изилдөөлөр (анын ичинде кан жана заара анализдери, биохимиялык изилдөөлөр ж.б.) жана атайын инструменттик диагностика (рентген, УЗИ ж.б.).

3. Дары-дармектер: дарылоо үчүн зарыл болгон кепилденген турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген бардык дары каражаттары менен камсыз кылуу.

4. Камкордук жана тамактануу: Ооруканада жатуунун бардык мезгилинин ичинде медайымдын кароосу, процедуралар жана тамак-аш менен камсыз кылуу.

Акысыз дарылануу укугун сактоо үчүн ооруканага жаткыруунун эрежелери

1. Жолдомо менен кабыл алуу: баланы пландуу ооруканага жаткыруу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерден же профилдик адистен жолдомо алышы керек. Эгерде пландуу дарылануу үчүн ооруканага жолдомосу жок кайрылсаңыз, жеңилдетилген статусуна карабастан, бардык кызматтар баа прейскуранты боюнча төлөнөт.

2. Тез жардам боюнча кабыл алуу: өмүргө коркунуч жараткан жана шашылыш кийлигишүүнү талап кылган абалдарда ооруканага жаткыруу тез жардам аркылуу жүргүзүлөт. Бул учурда жолдомо талап кылынбайт!

Кымбат баалуу изилдөөлөр үчүн төлөмдөн тышкары

Кошумча төлөм боюча жеңилдик 6 жашка чейинки балдар үчүн да кымбат изилдөөлөргө жана манипуляцияларга (мисалы, жогорку технологиялык диагностиканын айрым түрлөрү, татаал процедуралар) жайылтылбайт. Кымбат баалуу изилдөөлөрдүн жана манипуляциялардын наркы жеңилдетилген статусуна карабастан медициналык уюмдун кассасында Баалардын прейскуранты боюнча жүргүзүлөт. Стационар мындай изилдөөнүн зарылдыгы жана наркы жөнүндө аны жүргүзүүгө чейин ата-энелерге билдирүүгө милдеттүү.

☎Суроолор же мыйзамсыз төлөм талабы болгон учурда ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына кайрылыңыз.

No tags added.