Региондордон келген пенсионерлер, күбөлүгүңүздү унутпаңыздар – ансыз стационардык дарылануу акы төлөнүүчү болуп калат!
15.12.2025
КР ССМга караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 шыр байланышына медициналык кызматкерлерден кайрылуулар түшүүдө: мында пландуу ооруканага келген, айрыкча облустардан келген айрым пенсионерлер Кыргыз Республикасынын пенсиялык күбөлүгүн өздөрү менен алып келишпейт.
ММКФ бул документтин болушу – минималдуу кошумча төлөм менен жеңилдетилген дарыланууга укук алуу үчүн милдеттүү шарт экенин баса белгилейт! Бул документ жок болгон учурда дарылануу камсыздандырылбаган жарандар үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт – дарылоо курсу үчүн 8 400 сомдон 14 310 сомго чейин болот.
Пенсионерлер үчүн негизги артыкчылыктар
Пенсиялык күбөлүктү (70 жашка чейин) көрсөтүү кошумча төлөм менен дарыланууга укук берет: стационарда бардык дарылоонун курсу үчүн 330 сомдон 430 сомго чейин болот.
70 жаштан жогору пенсионерлер жылына эки жолу пландуу дарылоодон толугу менен акысыз өтүүгө укуктуу. Жыл ичинде үчүнчү жана андан кийинки ооруканага жатуулар орточо тариф боюнча (840 сом) болот.
Стационарга (ооруканага) жаткыруунун алдында жеңилдетилген медициналык жардам алуу тартиби кандай
1. Стационарга кайрылуудан мурда Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) каттоодон өтүп, үй-бүлөлүк дарыгердин консультациясынан өтүү зарыл.
2. Медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда дарыгер ооруканага жаткырууга чейин өтүүгө тийиш болгон акысыз текшерүүлөргө жолдомо берет:
• кан жана зааранын жалпы анализи.
• гепатитке анализ (В,С).
• флюорография (кургак учукту четтетүү үчүн).
• жүрөктүн ЭКГсы.
3. Бардык текшерүүлөр аяктагандан кийин гана дарыгер пландалган ооруканага жатууга жолдомо берет. Ушул жолдомо жана пенсиялык күбөлүгү менен гана пенсионер стационарга кайрыла алат.
Белгилей кетчү нерсе пландуу ооруканага жаткырууга жолдомо артыкчылыктуу кабыл алууга кепилдик бербейт. Эгерде стационарда бош оорун жок болсо, кезеккке туруу керек.
Суроолор болуп калса же мыйзамсыз төлөм талаптары болгон учурда күнү-түнү акысыз иштеген 113 шыр байланышына кайылыңыз.