Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Жаракаттар жана сыныктар: эмнелер акысыз берилет?

18.12.2025

Кыш мезгилинин башталышы менен жарандардын саламаттык сактоо уюмдарына ар кандай жаракаттар жана сыныктар боюнча кайрылгандар көбөйдү. Ушуга байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) рентген жана гипс коюу үчүн төлөө керекпи же жокпу деген суроолорго түшүндүрмө берет?

Кыргызстанда кечиктирилгис жана шашылыш медициналык жардам медициналык камсыздандыруусу (ММК полиси) бар экендигине карабастан бардык жарандар үчүн акысыз көрсөтүлөрүн эскертебиз.

Жаракат алганда акысыз жардам эмнелерди камтыйт:

  • Дарыгердин кароосу жана консультация;
  • Рентгенологиялык изилдөө;
  • Ооруну басуу;
  • Гипс коюу жана башка шашылыш манипуляциялар.

Чыгым материалдары жөнүндө эмнелерди билүү маанилүү:

Эгерде медициналык мекемеде керектүү дары-дармектер же медициналык буюмдар убактылуу жок болсо (мисалы, сыныктар үчүн спицылар), дарыгер бул жөнүндө бейтапка билдирүүгө милдеттүү.

Бейтап дары-дармектерди ооруканада жок болгон учурда гана өз алдынча сатып ала алат. Акысыз дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмеси ар бир саламаттык сактоо уюмунда көрүнүктүү жерге илиниши керек

Суроолоруңуз барбы же акысыз кызматтар үчүн төлөм талап кылып жатышабы? ММК фондунун күнү-түнү иштөөчү 113 шыр байланышына чалыңыз (чалуу акысыз)

No tags added.