Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК полисинин жоктугу ооруканага жаткырылган учурда чыгымдарды бир нече эсеге көбөйтөт

14.01.2026

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ооруканага (стационарга) жаткырылганда финансылык кыйынчылыктарга туш болгон жарандардан «113» шыр байланышына түшкөн кайрылуулардын саны көбөйгөнү катталууда. Негизги себеп — ММК полисинин жоктугу, мунун айынан бейтаптар эң жогорку тариф боюнча кошумча төлөм төлөөгө мажбур болууда.

Ар бир адам эмнени билиши маанилүү:

  1. Полис – бул формалдуулук эмес, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдиктерди алуунун бирден-бир маанилүү шарты болуп саналат.
  2. Акысыз шашылыш медициналык жардам реанимация бөлүмдөрүндө гана бейтапты өмүргө коркунуч туудурган абалдан чыгарганга чейин көрсөтүлөт. Оорукана бөлүмүндө андан аркы дарылоо кошумча төлөмдү талап кылат, анын өлчөмү камсыздандыруудан түздөн-түз көз каранды.
  3. ММКФ расмий түрдө эскертет: оорукананын койкасында жатып алып полис алуу таптакыр мүмкүн эмес. Стационарга түшкөн учурда документ колдонулууда болушу керек.

ММКФ эскертет:

  1. Түндүк аркылуу https://foms.kg/ru/status/ сайтынан сиздин полисиңиз активдүү экендигин азыртадан текшериңиз же ММКФнын 113 шыр байланышына чалыңыз.
  2. Алдын ала аракет кыла бериңиз: камсыздандыруу учуру болгонго чейин полис сатып алууну кечиктирбеңиз.

113 номер боюнча консультация алыңыз (чалуулар акысыз).

No tags added.