Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Отуз беш медициналык мекеме өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарга кызматын көрсөтөт

25.01.2022

 

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн 35 медициналык мекемеде, анын ичинен 32 жеке менчик медициналык борборлор жана 3 мамлекеттик клиникалар(Ыссык-Көл, Нарын жана Талас областык ооруканалар) бюджеттик программа менен гемодиализди камсыз кылат.

Атап айтканда:

-Бишкек ш.-9

- Ош ш. жана Ош облусу-7

-Жалал-Абад облусу-3

-Нарын-3

-Баткен облусу-2

-Талас облусу-2

-Иссык-Көл облусу-5

-Чуй облусу-4.

Бюджеттик диализге өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын тизмесин ким түзөт?

Жогорку квалификациялуу адистерден жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сакто министрилигинин нефрологдорунан түзүлгөн комисия бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын тизмесин карап чыгып, чечим кабыл алгандан кийин пациентти бюджеттик каражаттардын эсебинен гемодиализ кызмат алууга жолдомо берет.

Гемодиализдин ар бир сеансы Милдеттуу медициналык камсыздандыруу Фонду аркылуу бирдиктуу белгиленген баа боюнча 4700 сом турат.

Пациент кайсы аймакта жашабасын, гемодиализ борборун эркин тандоо укугуна ээ.

2021-жылдын 1-октябрына карата Милдеттуу медициналык камсыздандыруу Фондунун “Гемодиализ” базасынын реестринде 5-даражадагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен 1835 адам бар, аларга 184,6 мин гемодиализ сеансы жүргүзүлдү жана компенсациянын суммасы 885,2 млн. сомду түзгөн.

No tags added.