Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Онкологиялык оорулары бар бейтаптар бир жылдын ичинде кайрадан операция жасатуу зарыл болгон учурда ооруканага жатуу үчүн акы төлөбөйт

16.01.2026

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) эскертет: онкологиялык оорулары бар бейтаптарга биринчи операция жасалган учурдан тартып 12 айдын ичинде пландуу түрдө кайрадан операция жасоо зарылчылыгы келип чыкса, ооруканага жатуу акысыз жүргүзүлөт.

Мындай учурларда ооруканага жаткыруу акысыз жүргүзүлөт, алгачкы ооруканага жаткандай эле стационарда дарылануу үчүн кошумча төлөм алынбайт.

Стационардык дарылануу учурунда кошумча төлөмдөрдү алууга жол берилбешине көңүл бурабыз:

  • адистердин консультациясы;
  • хирургиялык кийлигишүү;
  • анестезия (наркоз);
  • операциядан кийинки жарааттарды иштеп чыгуу;
  • аталган стационарда жүргүзүлүүчү лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр.

Мындан сырткары, медициналык уюм бейтапты Жашоо үчүн маанилүү каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине (ЖМКМТ) ылайык дары-дармектер менен камсыз кылууга тийиш. Ооруканада дары-дармектер жок болгон учурда гана муну бөлүмдө көрүнүктүү жерге күн сайын илинип туруучу тизмеден текшерүүгө мүмкүн болгондо, бейтап дары-дармектерди өз алдынча бейтап аларды өзү сатып алууга укуктуу.

Бул ченемдер Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган.

Суроолор жаралса, ММК фондунун 113 шыр байланыш номерине чалыңыз. Кызмат көрсөтүү күнү-түнү иштейт жана чалуулар акысыз.

No tags added.