Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

​​​​​​​ММК фонду эскертет: балдар үчүн кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмдөрү өлкө боюнча күнү-түнү иштейт

28.04.2026

Май майрамдарынын алдында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) ата-энелерге кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмдөрүнүн иштөө тартибин жана республика боюнча шашылыш жардамдын жеткиликтүүлүгүн эскертет.

Узак мөөнөттүү госпитализацияга муктаж болбогон балдарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн республиканын стационарларында кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмдөрү жана койколору түзүлгөн. Анда медициналык адистер майрам жана дем алыш күндөрүн камтыган күнү-түнү кабыл алууну, диагностиканы жана дарылоону камсыз кылышат.

Ата-энелер үчүн маанилүү маалыматтар:

  • Кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмдөрү жана койколору медициналык жардам көрсөтүү, баланын абалын турукташтыруу жана андан аркы дарылоо тактикасын аныктоо үчүн иштейт.

  • Бөлүмдөрдүн дарыгерлери терапиялыктан тартып хирургиялыкка чейинки оорулардын кеңири тизмеси менен иштешет.

  • Бул бөлүмдөргө жаткыруу үчүн дарыгердин жолдомосу (направление) талап кылынбайт.

  • Бул стационарда көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар, анын ичинде диагностикалык изилдөөлөр акысыз жүргүзүлөт.

  • Эгерде бала андан ары (узак мөөнөткө) дарылануу үчүн стационарга которулса:

    • 6 жашка чейинки балдар кошумча төлөмдөн бошотулат (жеңилдик берилген категория);

    • 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар оорукананын кассасына орточо деңгээлдеги кошумча төлөмдү (сооплата) төлөшөт.

  • Медициналык жардам көрсөтүлүп жана зарыл сунуштамалар берилгенден кийин, баланын дарылануусун жана көзөмөлүн үй шартында педиатрдын же үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө улантса болот.

ММК фонду ата-энелерди майрам күндөрү сак болууга чакырат. Балада кооптуу белгилер пайда болсо, өз алдынча дарыланбастан, өз убагында жакынкы стационарлардын кабыл алуу бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.

Медициналык жардам алуу боюнча бардык суроолор менен ММК фондунун 113 түз байланыш номерине кайрылсаңыздар болот (чалуу акысыз).

No tags added.