Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Май майрамдарында медициналык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө: жарандар эмнелерди билүүсү зарыл?

27.04.2026

Алдыдагы узакка созулган май майрамдарына байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК Фонду) жарандарга медициналык жардам алуу тартибин жана камсыздандыруу статусунун маанилүүлүгүн эскертет.

Акысыз тез жардам: качан төлөө талап кылынбайт?

Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, тез жана кечиктирилгис медициналык жардам бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт

Бул бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейинки дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыздоону камтыйт.

Мындай учурларга төмөнкүлөр кирет:

* бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган ден соолугунун абалы;

* жүргүзүлүп жаткан дарылоодон натыйжа болбогондо жана бейтаптын абалы начарлап кеткенде;

* ооруну аныктоодо (диагностикада) жана дарылоо тактикасын белгилөөдө кыйынчылыктар жаралганда;

* абалы оор бейтапты медициналык жардам көрсөтүүнүн деңгээли жогору болгон саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү (транспортировкалоо) зарыл болгондо.

Толук төлөм качан алынат?

Бейтаптын абалы турукташып, өмүрүнө болгон коркунуч жоюлгандан кийин, андан аркы дарылоо пландуу тартипке өтөт. Эгерде жарандын медициналык камсыздандыруусу жок болсо («камсыздандырылган эмес» статусу), ал стационарда жүргүзүлгөн бардык медициналык кызматтар, изилдөөлөр жана дарылоо үчүн кошумча төлөмдүн максималдуу суммасын (8400дөн 14 310 сомго чейин) төлөйт же Баалар прейскурантына ылайык акы төлөйт (чет өлкөлүк жарандар үчүн).

ММК полисин кантип текшерсе жана сатып алса болот?

Жарандарга камсыздандыруу статусун алдын ала текшерүүнү сунуштайбыз. Эгер сиз камсыздандырылбаган болсоңуз, ММК полисин үйдөн чыкпай эле онлайн сатып алсаңыз болот:

* Мобилдик тиркемелер аркылуу (MegaPay, Мбанк, QPAY ж.б.);

* Төлөм терминалдары аркылуу.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!

ММК полиси төлөнгөн учурдан тартып 5 календардык күндөн кийин гана күчүнө кирет. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугуна алдын ала кам көрүңүз. Майрамдык эс алуу күндөрү башталганга чейин камсыздандырууну текшерип, зарыл болгон учурда жеңилдетилген медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз.

Маалымат үчүн: Камсыздандыруу статусун ММК Фондунун сайтынан ([https://foms.kg/ru/status/](https://foms.kg/ru/status/)), «Түндүк» тиркемесинен же күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна чалып билсеңиз болот.

No tags added.