Ар бир аял төрөт үйүнө жаткырылганда эмнени билиши керек.
19.05.2026
Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эскертет: төрөт учурунда, кош бойлуулуктун татаалдашуусунда жана төрөттөн кийинки мезгилде ооруканага жаткыруу Мамлекеттик кепилдиктер программанын алкагында акысыз жүргүзүлөт.
Төрөт үйүндө акысыз көрсөтүлүүчү кызматтар:
• кош бойлуулук учурунда татаалдашуулар пайда болгондо ооруканага жаткыруу
• төрөт (табигый жана операциялык, анын ичинде кесарево кесүү жана наркоз)
• төрөттөн кийин 10 жума ичинде татаалдашуулар пайда болгондо ооруканага жаткыруу жана медициналык жардам көрсөтүү
• зарыл медициналык кызматтар, анын ичинде лабораториялык анализдер жана изилдөөлөр (кымбат жана жогорку технологиялуу кызматтардан тышкары)
• Жашоо үчүн маанилүү дары-дармектер тизмесинин негизинде дары-дармектер менен камсыздоо
• медициналык буюмдар менен камсыздоо (шприц, система, пахта ж.б.)
Маанилүү:
• Тез жана шашылыш жардам бардык кош бойлуу аялдарга камсыздандыруу статусуна карабастан акысыз көрсөтүлөт.
• Кош бойлуу аялдар үчүн бардык кызматтар мамлекеттик кепилденген пакетке кирет жана акы төлөөнү талап кылбайт.
• Төрөт, операция үчүн расмий эмес төлөм талап кылуу — бул сиздин укуктарыңызды бузуу болуп саналат.
Эгер укуктарыңыз бузулса, ММК фондуну 113 ишеним телефонуна кайрылыңыз (күнү-түнү, акысыз).