Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММКФ эмчек безин үзгүлтүксүз текшерип туруунун маанилүүлүгү жөнүндө

04.06.2026

Эмчек безинин рагы (ЭБР) – Кыргызстандагы жана бүткүл дүйнөдөгү аялдар үчүн башкы онкологиялык коркунуч. Жыл сайын республикада оорулардын 400гө жакын жаңы учурлары катталууда жана диагноз коюлгандан кийин дээрлик ар бир алтынчы аял (16,7%) биринчи жылдын ичинде көз жумат. Мындай кайгылуу окуянын башкы себеби – оорунун кеч аныкталышы: 46,6% күчөп кеткен рак учурлары (III жана IV стадиясында) аныкталган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эрте диагноз коюу – бул ооруну айыктырууга, жашоо сапатын сактоого жана татаал дарылоого байланышкан ири финансылык чыгымдардын алдын алууга реалдуу мүмкүнчүлүк экендигин эскертет. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) алкагында ММК боюнча камсыздандырылган ар бир аял акысыз алдын алуу кароосунан өтүүгө укуктуу.  

Эмчек безин кандайча текшерип туруу зарыл?

КР ССМнын клиникалык протоколуна ылайык 18 жаштан тартып бардык аялдар адистер тарабынан эмчегин үзгүлтүксүз кароодон өткөрүүсү зарыл:

  • 18ден 40 жашка чейин: үч жылда 1 жолу.
  • 40 жаштан жогору: жыл сайын (жылына 1 жолу).

ЭБРнын кандай кооптуу белгилери бар?

Ар бир аял үзгүлтүксүз өз алдынча текшерүү жүргүзүп, төмөнкүдөй белгилер аныкталса, дароо дарыгерге кайрылуусу маанилүү:

  • Кыйыр белгилер: шишиктер, эмчектин формасынын же симметриясынын өзгөрүшү, эмчектин үрпүсүнөн аккан суюктук, теринин түсүнүн өзгөрүшү.
  • Анык белгилер: бездердин биринин кескин чоңойушу (1–2 айда), орой деформация, тартылган үрпү, теринин шишиги («лимондун кабыгы»), колтуктагы лимфа бездеринин чоңойушу.

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча текшерүүлөрдүн кандай түрлөрү жүргүзүлүп жатат:

Эгерде сиз камсыздандырылган болсоңуз, катталган жериңиз боюнча кайрылсаңыз, медициналык жардам этап-этабы менен көрсөтүлөт:

  1. ФАП/ҮДТ: Үй-бүлөлүк дарыгер же медайым акысыз баштапкы клиникалык кароо жүргүзүп, өз алдынча туура текшерүүнүн туура ыкмаларын үйрөтөт. Патологияга шектүү болсоңуз, сизге үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМБ) же жалпы дарыгердик практика борборуна (ЖДПБ) жолдомо берилет.
  2. ҮМБ/ЖДПБ: Бул жерде тар профилдеги адистер тереңдетилген кароодон өткөрүшөт (акысыз), инструменталдык изилдөөлөр жүргүзүлөт (сүт бездеринин УЗИси 50% жеңилдик менен), ошондой эле маммография (тиешелүү жабдуу бар болгон учурда) жасалат. Онкологиялык диагноз ырасталса, бейтапка Улуттук онкология жана гематология борборуна текшерилүүгө жолдомо берилет.
  3. Улуттук онкология жана гематология борбору: Улуттук онкология жана гематология борборунда онкологиялык диагноз ырасталган учурда бейтап эсепке алынат, МКПга ылайык зарыл болгон текшерүүлөр, консультациялар жүргүзүлөт жана адистештирилген дарылоо көрсөтүлөт.

Төмөнкүлөрдү эске алуу маанилүү: Дарылоонун ийгилиги дарыгерлердин жана аялдардын өздөрүнүн биргелешкен аракеттеринен көз каранды. Кабыл алууда дарыгер сизге бейтапканага пландуу кайрылуулардын ортосунда үй шартында эмчекти кантип туура кармалап текшерүү керектигин сөзсүз көрсөтүп берет..

PS: маалыматтар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын амбулатордук деңгээлинде эмчек безинин рагына шектелген аялдарды клиникалык баалоо жана жүргүзүү” аттуу клиникалык протоколаунан алынган.

Эгерде суроолор болсо ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз, чалуулар бардык түзмөктөрдөн акысыз.

No tags added.