Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММКФ: Кан басымынын жогору болушу жылдар бою эч кандай белгилерди бербеши мүмкүн. Аны үй-бүлөлүк дарыгерден акысыз текшертип туруңуз

10.06.2026

Артериялык гипертензияны дарыгерлер “жылма өлтүргүч” деп аташат. Кан басымдын жогорулашы көп учурда билинбей өнүгүп, узак убакыт бою эч кандай даттанууларды жаратпайт. Көпчүлүк адамдар бул оору тууралуу инсульт, инфаркт же башка жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу олуттуу таталдашуулар пайда болгондон кийин гана билишет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстан жарандарын артериялык кан басымын үзгүлтүксүз контролдоого жана өзгөчө 35-40 жаштан кийин үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылууну кечиктирбөөгө чакырат.

Качан сак болуу керек?

Адам өзүн салыштырмалуу жакшы сезип турса да, төмөнкү белгилер кан басымдын жогорулаганын көрсөтүшү мүмкүн:

  • бат-бат баш ооруу, өзгөчө эртең менен;
  • баш айлануу, кулактагы шуулдоо же чуулдоо;
  • тердөө же беттин кызарышы;
  • баштын ичинде тамырдын кагышын сезүү;
  • чыйрыгуу, тынчсыздануу;
  • эс тутумдун начарлашы;
  • кыжырдануу жана эмгекке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү;
  • көздүн алдында «чаар чымындардын» учуп көрүнүшү;
  • алсыздык, бат чарчоо;
  • манжалардын уюшу.

Үй-бүлөлүк медицина борборунда эмнелерди акысыз алууга болот?

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталган ар бир жаран Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз кепилденген медициналык кызматтар пакетин алууга укуктуу, атап айтканда:

  • артериялык кан басымын өлчөтүп жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун баалоо;
  • дене салмагынын индексин аныктоо менен профилактикалык кароодон өтүү;
  • медициналык көрсөтмөлөр боюнча зарыл болгон кан жана заара анализдерин тапшыруу;
  • электрокардиографиядан  (ЭКГ) өтүү;
  • дарылануу жана андан аркы көзөмөл боюнча сунуштарды алуу.

Маанилүү: камсыздандырылган статусуңузду жана жашаган жериңиз боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна катталган-катталбаганыңызды текшериңиз.

Медициналык жардам алуу маселелери боюнча ММК фодунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына (номерине) кайрылсаңыз болот. Чалуулар акысыз.

No tags added.