Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММКФ: Чет өлкөлүк паспорту бар балага Кыргызстанда медициналык жардамды кантип алса болот?

28.07.2026

113 шыр байланышына ата-энелерден көп суроолор менен кайрылуулар көбөйүүдө: Эмне үчүн чет өлкөлүк паспорту бар балдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шарттарда медициналык жардам ала алышпайт?  

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) бул боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт: баланын чет өлкөлүк пасппортунун болушу (жаш курагына карабастан) ошол мамлекеттин жарандыгын тандаганын билдирет. Ушул себептен улам анын ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандары болсо да, Мамлекеттик кепилдиктер программасы ага Кыргыз Республикасынын жарандарына карата каралган көлөмдө колдонулбайт.   

Бирок маанилүү бир мүмкүнчүлүк бар!

Эгерде ата-энеси ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары болуп, Кыргызстанда расмий эмгектенип, иш берүүчү алар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп турса, анда чет өлкөлүк паспорту бар баласы ММК полисин болгону 1 840 сомго (КРнын жарандары үчүн белгиленген тариф боюнча) алса болот. Бул полис менен бала Кыргызстандын жарандары менен бирдей шартта медициналык жардам ала  алат.

ММК фонду балага ММК полисин алдын ала тариздөөнү сунуштайт, бул дарыгерге күтүүсүз кайрылууга туура келген учурда ашыкча чыгымдардан сактанууга жардам берет.

Дагы суроолор барбы? ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 номерине акысыз чалыңыз.

No tags added.