Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Психикалык бузулуштардын учурларын каржылоо механизмин киргизүү максатында окутуу жүргүзүлдү

07.12.2021

Пилоттук баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо мекемелеринде психикалык бузулуштардын учурларын каржылоо механизмин киргизүү максатында жана психикалык ден-соолук боюнча медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгун жакшыртуу максатында оффлайн жана онлайн түрүндө окутуу жүргүзүлдү.

Окутуу Сокулук ЖДПБ-да өткөрүлүп, Сокулук районунун баштапкы деңгээлде иштеген медициналык кызматерлери окутууга оффлайн форматта катышышты, ал эми калган катышуучулар, анын ичинде ММК Фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери онлайн форматта Zoom аркылуу катышышты.

Теориялык бөлүк аяктаганда, "Психикалык бузулуулары бар оорулуунун ден-соолук картасы" программалык камсыздоосунун жардамы менен практикалык бөлүгү улантылды.

No tags added.