Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Саламаттык сактоо уюмдарында жылдын башында төмөнкүдөй дары-дармектердин запасы бар

15.01.2022

Республиканын саламаттык сактоо уюмдарында жылдын башында төмөнкүдөй дары-дармектердин запасы бар:

 антиакоагулянттар (гепарин, эноксапарин, надропарин, дальтепарин, ривароксабан, апиксабан, варфарин, фондапаринукс, дабигатран, эдоксабан) 53,3 млн сом суммасында;

 гепариндин антагонисти (протамин сульфат) 6,1 млн. сом суммасында;

 дене табын төмөндөтүүчү препараттар (парацетамол, ибупрофен) 0,9 млн сом суммасында;

 антиагреганттар (ацетилсалицил кислотасы) 0,7 млн сом суммасында;

 антибактериалдык препараттар цефалоспорин тобундагылар (цефтриаксон, цефотаксим, цефепим ж.б.), пенициллин тобундагылар (амоксициллин, амоксициллин+клавулан кислотасы, ампициллин, пиперациллин+тазобактам, бензатинбензилпенициллин), макролиддер (азитромицин, кларитромицин), аминогликозиддер (амикацин, гентамицин), линезолид, левофлоксацин жана башка антибиотиктер 88,4 млн сом суммасында;

 наркоз препараттары (мидазолам, пипекурония бромид, суксаметоний йодид) 5,6 млн сом суммасында;

 суу-электролит балансын түздөө үчүн парентералдык инфузиялар үчүн эритиндилер (физэритинди, Рингер эритиндиси, натрий бикарбонаты, калий хлориди, глюкоза, ацесоль, дисоль ) 12,7 млн сом суммасында;

 пероралдык регидратация үчүн туздар 893,9 миң сом суммасында;

 гормоналдык дары-дармектер (дексаметазон, преднизолон, гидрокортизон, метилпреднизолон, бетаметазон) 19,8 млн сом суммасында;

 жарага каршы дары-дармектер (фамотидин, омепразол, лансопразол, пантопразол), алар антикоагуляттык дарылоо менен бирге колдонулат 2,6 млн сом суммасында;

 жөтөлгө каршы каражаттар жана муколитин препараттары (либексин, ацетилцистеин, амброксол, бромгексин, бутамирата цитрат, кодеин фосфат) 3,5 млн сом суммасында, ошол эле учурда белгилей кетүү керек паллиативдик жардам көрсөтүү бөлүмдөрү бар саламаттык сактоо уюмдарында да бейтаптар үчүн фосфат кодеини препараты сыяктуу препараттар жок;

 антиаритмикалык каражат (амиодарон) 205,0 миң сом суммасында;

 кусууга каршы дары-дармектер (метоклопрамид, домперидон, ондансетрон, дифенгидрамин) 1,1 млн сом суммасында;

 заара-чыгаруучу дары-дармектер (фуросемид, спиронолактон) 0,8 млн сом суммасында;

 канды токтотуучу дары-дармек (транексам кислотасы) 1,0 млн сом суммасында;

 наркотикалык аналгетик (морфин) 267,8 миң сом суммасында;

 грибокко каршы дары-дармек (флуканазол) 0,5 млн сом суммасында;

 иммунологиялык дары-дармек (иммуноглобулин G) 24,2 млн сом суммасында;

 тромболитиктер/фибринолитиктер (альтеплаза, стрептокиназа, урокиназа) 8,7 млн сом суммасында;

 кандын плазмасы жана анын орун алмаштыруучулар 3,3 млн сомду түздү.

No tags added.