Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Кош бойлуу аялдарга амбулатордук жана стационардык шартта акысыз медициналык кызмат алуу укугу каралган

01.02.2022

Баардык кош бойлуу аялдарга амбулатордук жана стационардык шартта акысыз медициналык кызмат алуу укугу каралган

ММК Фонду Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында кош бойлуу аялдар амбулатордук жана стационардык шарттарда медициналык –санитардык жардам алууда акысыз дарылануу укугуна ээ экендигин эскертет:

-кош бойлуулугу менен каттоого турган баардык аялдар;

-төрөткө келген аялдар;

-төрөттөн кийинки татаалдашуудан жапа чеккен аялдар, (төрөттөн кийинки 10 аптанын ичинде);

- стационардык деңгээлде кош бойлуулук патологиясы бар (негизги диагнозу боюнча);

- социалдык жана медициналык көрсөтмөсү болгон учурда боюнан алдырууга келген кош бойлуу аялдар.

Операция “кесераво сечение” кызматы Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз медициналык кызматка кирет, ошондуктан саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери операциялык блокту тиешелүү дарылар, наркоздук жана медициналык каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен дайыма көзөмөл жүргүзүп туруулары керек.

Эгерде кош бойлуу аял камсыздандырылбаган болсо, анда ММК Фонду аркылуу ишке ашырылып, ММК полиси бир жылга акысыз берилет.

Демек, бул полистин жардамы аркылуу бир жыл ичинде биз менен келишимдин негизинде иштеп жаткан дарыканалардан, маалымдамага кирген дарыларды жеңилдетилген баада ала алышат (фолиевая кислота, йод жана аз кандуулукка карата дарылар).

Дарыгерлер тарабынан формалдуу эмес акча талап кылынган жана медициналык кызмат алууда жаралган көйгөйлөр пайда болгон учурда ММК Фондунун шыр байланыш телефону 113 чалыңыздар. Чалуулар акысыз жүргүзүлөт.

No tags added.