Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Шашылыш медициналык жардамга медициналык кызматтын кайсы түрлөрү кирет?

16.02.2022

Шашылыш медициналык жардамга медициналык кызматтын кайсы түрлөрү кирет?

Шашылыш медициналык жардам – бул жашоо көрсөткүчтөрү боюнча өмүргө коркунуч жараткан жана шашылыш түрдө медициналык жардамды талап кылган учурлар:

- кокустан болгон кырсык;

- травма;

- уулануу;

- башка оорулар жана абалдар.

Шашылыш медициналык жардам, анын ичинде дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келүүчү абалдан чыкканга чейин бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт.

Амбулатордук жана стационардык денгээлде шашылыш медициналык жардам бардык жарандарга алардын томонку укуктарына карабастан акысыз көрсөтүлөт:

-женилдиктер;

-жарандык;

-камсыздандыруу статусу

бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келүүчү абалдан чыкканга чейин.

No tags added.