Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин укугу
08.04.2022
Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандардын категориясына кирип, медициналык жардам алууда айрым жеңилдиктерге ээ.
Ошондой эле амбулатордук шартта ММК Фондунун Кошумча программасына, Мамлекеттик кепилидик программасынын алкагында көрсөткүчкө жараша адис жазып берген электрондук рецепттин негизинде дары-дармекти келишимдин негизинде ММК Фондунун аймактык башкармалыгы менен иштеп жаткан дарыканалардан ала алышат.
Стационарда жатып дарылана турган болсо, орточо деңгээлдеги кошумча акы төлөө:
**терапиялык профилдеги бөлүмдөрүндө 840 сом
** хирургиялык профилдеги бөлүмдөрүндө 1090 сом.
Эгерде медициналык жардам менен камсыз болуу боюнча суроолор пайда болсо, «Ыкчам байланышы" 113 номерине чалсаңыздар болот. Байланыш баардык байланыш түйүндөрүнөн акысыз .