Жаңылыктар
Чарчоо – ар дайым эле стресс эмес. Гемоглобиндин деңгээлин акысыз текшериңиз.
Posted on 04.03.2026
Ар дайым алсыздык, уйку басуу, баш айлануу сыяктуу белгилерди көптөр чарчоо же стресс деп жүрүшөт. Бирок мунун себеби гемоглобиндин (анемия) төмөн деңгээли болушу мүмкүн.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) өз убагында жүргүзүлгөн диагностика ден соолукка олуттуу кесепеттердин алдын алууга жардам берээрин эскертет.
Кыргыз Республикасынын ар бир жараны камсыздандырылган статусу жок болгон учурда да медициналык кызматтардын базалык пакетин алууга укуктуу.
Тизмеге 12...
ММК фонду 2025-жылдагы госпиталдаштыруунун жыйынтыгын чыгарды: дарыланган 419 миңден ашуун учур балдарга туура келген
Posted on 17.02.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) 2025-жылы ММКФ менен келишим боюнча иштеген республиканын стационарларында 1 млн 165 миң 676 стационар дык (госпиталдаштыруу) учурлары катталган . Жалпы медициналык жардамдык көлөмүнүн 36%ы 18 жашка чейинки балдардын үлүшүнө туура келип, бул болжол менен 419 миң госпиталдаштыруу учуруна барабар.
Эскертүү : Ар бир адам стационарда дарыланган сайын, ал өзүнчө бир учур катары...
ММК фонду 2025-жылы жеңилдетилген дары-дармектер үчүн дарыканаларга 409 млн сомдон ашык каражат кайтарылып берилген.
Posted on 12.02.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) 2025-жылы жеңилдетилген рецепттер боюнча берилген дары-дармек каражаттары үчүн 409,7 млн сом өлчөмүндө каражаттын орду толтурулду.
Бул төлөмдөр миңдеген камсыздандырылган кыргызстандыктарга дары-дармектердин баасынын бир бөлүгүн гана төлөп, керектүү дарылануудан өтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Жеңилдетилген дары-дармектер үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан медициналык көрсөтмөлөргө ылайык гана дайындалат. Рецепттер 600дөн ашык соода аталышын...
ММКФ медициналык процедураларды (ийне саюуларды) алуу тартибин түшүндүрөт
Posted on 09.02.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына жарандардан кечки убакта эмне үчүн каалаган медициналык уюмга, анын ичинде тез жардам кызматына кайрылып, ийне саюуларды (венага жана булчуңга сайылуучу) алууга болбойт деген суроолор менен кайрылуулар үзгүлтүксүз келип түшүүдө .
Ушуга байланыштуу ММКФ пландуу медициналык жардамдарды көрсөтүү тартиби жөнүндө расмий түшүндүрмөлөрдү берет.
Тез медициналык жардам шашылыш жана...
Балдарга ыкчам жардам: кыска мөөнөттүү болуу бөлүмдөрүнүн 2025-жылдагы ишинин жыйынтыктары
Posted on 06.02.2026
ММК фонду үчүн балдарга медициналык жардамдардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу негизги артыкчылыктарынын бири болуп калууда. Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууну алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикадагы ооруканалардын кыска мөөнөттүү (сутка бою) болуу бөлүмдөрүндө пландуу жана шашылыш түрдө 36 299 бала комплекстүү текшерүүдөн жана дарылануудан өтүштү.
Статистикалык маалыматтар жаш балдардын ата-энелеринин арасында...
Кош бойлуу аялдарды кош бойлуулукка байланышпаган оорулар боюнча ооруканага жаткыруу эрежелери
Posted on 02.02.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ( ММКФ ) кош бойлуу аялдарга медициналык жардам көрсөтүү тартиби, ошондой эле профилдик стационарларга жаткырылганда кошумча төлөмдү төлөө эрежелери тууралуу эскертет .
Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык стационарга жаткыруунун эки түрүн айырмалоо маанилүү :
1. Кош бойлуулук менен байланышпаган ооруканага жаткыруу
Эгер кош бойлуулукка, төрөткө же алардын өтүшүп кетишине...
Евразиялык экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылуу боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан берилген түшүндүрмө
Posted on 28.01.2026
Жакында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы А.К.Муканов Кыргыз Республикасынын эмгекчил жарандарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилген.
Буга байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду...
Онкологиялык оорулары бар бейтаптар бир жылдын ичинде кайрадан операция жасатуу зарыл болгон учурда ооруканага жатуу үчүн акы төлөбөйт
Posted on 16.01.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) эскертет: онкологиялык оорулары бар бейтаптарга биринчи операция жасалган учурдан тартып 12 айдын ичинде пландуу түрдө кайрадан операция жасоо зарылчылыгы келип чыкса, ооруканага жатуу акысыз жүргүзүлөт.
Мындай учурларда ооруканага жаткыруу акысыз жүргүзүлөт, алгачкы ооруканага жаткандай эле стационарда дарылануу үчүн кошумча төлөм алынбайт.
Стационардык дарылануу учурунда кошумча...
ММК полисинин жоктугу ооруканага жаткырылган учурда чыгымдарды бир нече эсеге көбөйтөт
Posted on 14.01.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ооруканага (стационарга) жаткырылганда финансылык кыйынчылыктарга туш болгон жарандардан «113» шыр байланышына түшкөн кайрылуулардын саны көбөйгөнү катталууда. Негизги себеп — ММК полисинин жоктугу, мунун айынан бейтаптар эң жогорку тариф боюнча кошумча төлөм төлөөгө мажбур болууда .
Ар бир адам эмнени билиши маанилүү:
Полис – бул формалдуулук эмес, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында...
Жаракаттар жана сыныктар: эмнелер акысыз берилет?
Posted on 18.12.2025
Кыш мезгилинин башталышы менен жарандардын саламаттык сактоо уюмдарына ар кандай жаракаттар жана сыныктар боюнча кайрылгандар көбөйдү. Ушуга байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) рентген жана гипс коюу үчүн төлөө керекпи же жокпу деген суроолорго түшүндүрмө берет?
Кыргызстанда кечиктирилгис жана шашылыш медициналык жардам медициналык камсыздандыруусу (ММК полиси) бар экендигине карабастан бардык жарандар үчүн акысыз көрсөтүлөрүн эскертебиз.
Жаракат...