Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Мамлекеттик кызматтар

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жана берүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат болуп саналат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу жаранга камсыздандырылган адамдын статусун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат алуу укугун берет.

ММК полиси жарандарга чектелген мөөнөткө (аны сатып алган күндөн тартып 12 ай) акы төлөнүүчү негизде берилет. Бүгүнкү күндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн жарандар үчүн ММК полисинин баасы (монополияга каршы комитет бекиткен) 1840 сомду түзөт.

ММК полисин алуудан баш тартуунун себептери:

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүлөргө баш тартылышы мүмкүн:

- 18 жашка чыга элек адамдарга;

- арыз ээсинин ким экендигин ырастаган белгиленбеген үлгүдөгү (кемчиликтери бар, булганган, сүртүлгөн); документтерди берүүдө;

- эгерде башка адамдын атынан аракеттенүүгө расмий ыйгарым укуктары жок болгон учурда (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, тууган экендигин ырастоочу документтер);

- ММК полисин сатып алуу үчүн акы төлөгөндүгүн ырастаган кириштөө ордеринин квитанциясы жок болсо;

ММК Полисин кантип сатып алууга боло тургандыгы жөнүндө толук маалыматты бул жерден таба аласыз