Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Жарандарга маалымат

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын  жаранынын эскерткичи

Мамлекеттик кепилдик программасы боюнча медициналык жардамдын кандай түрлөрүн алууга болот?

Мамлекеттик кепилдиктер программасы медициналык-санитардык жардамдын төмөнкү түрлөрүн камсыз кылат:

 - баштапкы медициналык-санитардык жардам;

- амбулатордук шарттарда шашылыш медициналык жардам;

- амбулатордук шартта адистештирилген медициналык жардам;

- стационардык жардам;

- стоматологиялык жардам;

- дары-дармек жана вакцина менен камсыз кылуу;

- иммунопрофилактика.

Медициналык жардам алууда жаран кандай шарттарды билиши керек?

- жарандын ырасталган документти болушу зарыл (паспорт, 16 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү алганга чейин баланын туулгандыгы тууралуу маалымкат);

- жеңилдиктерге укукту ырастоочу документ (паспорт, 16 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы жөнүндө  күбөлүктү алганга чейин баланын туулгандыгы тууралуу маалымкат, пенсиялык күбөлүк, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (мындан ары – ММК полиси);

- лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөргө жана ооруканага жаткырууга жолдомо.

Медициналык кызмат алуунун белгиленген тартибин сактабаган жарандар үчүн көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн толук акы төлөө каралган.

Эгерде ооруп калсаңыз эмне кылуу керек?

Шашылыш медициналык кийлигишүүнү талап кылган шартта (камсыздандыруу статусуна жана жарандыгына карабастан) шашылыш медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.

Сиз катталган үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылганыңызда Сиз ҮДТнын дарыгеринин жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун (мындан ары - ҮМБ), Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун (мындан ары - ЖДПБ) адистеринин акысыз кароосунан өтүүгө, медициналык ийне саюуларды (венага, булчуңга, тери астына), базалык лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн  көрсөткүчтөрү боюнча акысыз алууга укугуңуз бар:

  • кандын жалпы анализи;
  • зааранын жалпы анализи жана заара чөкмөсүнүн микроскопиясы;
  • уретралдык  жана  вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
  • какырык анализи (мазок микроскопиясы);
  • кандагы жана заарадагы кантты аныктоо;
  • кандагы холестеринди аныктоо;
  • ЭКГ;
  • кандагы гликирленген гемоглобинин аныктоо (кант диабети менен ооруган бейтаптарга - жылына 1 жолу);
  •  Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта);
  • 18 жашка чейинки балдардын көрүү курчтугун өлчөө.

 Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакети ҮДТ/ҮМБ/ЖДПБга катталган бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт.

Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн кошумча пакети (42 изилдөө) калктын камсыздандырылган категориясына, социалдык статусу боюнча жарандардын жеңилдетилген категориясына жана медициналык көрсөткүчтөрү боюнча жарандардын жеңилдетилген категориясына акысыз берилет.

Ультраүндүү изилдөө (ички органдарды, кичи жамбаш жана темир) жана рентгенография (көкүрөк клеткасынын, ич көңдөйүнүн органдарынын, сөөктөрдүн жана жумшак ткандардын) бекитилген Баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызматтын наркынан 50% жеңилдик менен (калктын камсыздандырылган категориясына, социалдык статусу боюнча жарандардын жеңилдетилген категориясына, медициналык көрсөткүчтөр боюнча жарандардын жеңилдетилген категориясына) саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.

Калган жарандарга Баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын төлөө менен жүргүзүлөт.

Амбулатордук деңгээлде реабилитациялык жана физиотерапиялык жардам

Амбулатордук деңгээлде реабилитациялык жана физиотерапиялык кызмат көрсөтүүлөр:

- гальванизация;

- электрофорез;

- ультра жогорку жыштык терапиясы (УЖТ);

- ультра үн терапиясы;

- ультрафиолет нурлануусу.

Реабилитациялык жана физиотерапиялык кызмат көрсөтүүлөр социалдык статусу жана медициналык көрсөткүчтөрү боюнча жарандардын жеңилдетилген категорияларына акысыз көрсөтүлөт, ал эми жеңилдетилген шарттарда калктын камсыздандырылган категориясына Баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын 50 пайыз өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Калган бардык жарандарга реабилитациялык жана физиотерапиялык медициналык жардам Баалардын прейскуранты боюнча акы төлөө негизинде көрсөтүлөт.

Дары-дармек менен камсыздоо

Кыргыз Республикасынын жарандарына шашылыш медициналык жардам көрсөтүүдө дары каражаттары акысыз берилет.

Кутурма коркунучу болгон учурда калкка антирабикалык жардам көрсөтүү эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча акысыз жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча КР жарандарын амбулатордук деңгээлде айрым ооруларды жеңилдетилген дары-дармек  менен камсыздоо

Дары каражаттарын узак же туруктуу колдонууну талап кылган төмөнкү өнөкөт оорулары бар оорулуулар үчүн дары каражаттары төмөнкү ооруларга акысыз берилет:

- инсулинге көз каранды кант диабети;

- инсулинге көз каранды эмес кант диабети;

- кантсыз диабет;

- гемофилия;

- кургак учук.

Жеңилдетилген электрондук рецепттер боюнча дары-дармек каражаттары төмөнкү ооруларда ҮДТта жазылган жана каттоодо турган бейтаптарга дарыкана тармагы аркылуу берилет:

- терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар

- параноялык шизофрения;

- түрдүү генездеги аффективдүү бузулуулар;

- эпилепсия;

- бронхиалдык астма;

- гипертониялык оору;

Жогоруда аталган оорулар менен ооруган бейтаптар дары-дармек каражаттары менен дарыкана тармагы аркылуу ФАП фельдшерлери, ҮДТ дарыгерлери, ҮМБ, ЖДПБ жана Республикалык психикалык саламаттык борборунун адистери жазып берген электрондук рецепттер боюнча камсыз болушат жана дарыканадагы чекене баа менен ушул дары-дармек каражаты үчүн ордун толтуруу баасынын ортосундагы айырманы төлөшөт.

Иммунопрофилактика

Иммунопрофилактика боюнча төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлүүдө:

- профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында

 - эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча.

 Профилактикалык эмдөөлөрдүн жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында эмдөө акысыз жүргүзүлөт.

Амбулатордук деңгээлде дарыланууда камсыздандырылган жарандар үчүн жеңилдиктер барбы?

Камсыздандырылган жарандарды амбулаториялык шарттарда дарылоо үчүн ММК фонду тарабынан жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча ММКнын Кошумча программасы иштейт. Кошумча программа боюнча дары-дармек менен камсыз кылуунун негизги принциптеринин бири ММК фонду тарабынан үй-бүлөлүк дарыгер жазып берген электрондук рецепттер боюнча оорулууларга сатылып алынган дары-дармек каражатынын наркынын бир бөлүгүнүн орточо 50% га чейин ордун толтуруу болуп саналат.

Камсыздандырылган жарандарга  кимдер кирет?

- милдеттүү медициналык камсыздандырууга түшүп жаткан төгүмдөргө карата иштеп жаткан жарандар;

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдү өз алдынча төлөгөн адамдар;

- 70 жашка чейинки пенсионерлер;

- ай сайын социалдык жөлөкпул алган адамдар;

- 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүү мекемелеринин – окуусун аяктаганга чейин, бирок 18 жашка толгонго чейинки окуучулар);

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөлөрү;

- калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуздар

- орто жана жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу формасынын 21 жашка чейинки курактагы студенттери;

-  Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.

Эгерде Сиз камсыздандырылбаган жаран болсоңуз эмне кылуу керек?

Камсыздандырылбаган жарандар 12 календардык айга наркы 1840 сом болгон Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (ММК полисин) сатып алышы керек.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн:

6 календардык айга – 5 955 сом, 12 календардык айга – 11 910 сом.

ММК полисинин наркы жыл сайын  каралып турат.

ММК полисин тариздөөнүн алдында жарандын камсыздандырган статусун текшерүү талап кылынат (ММК фондунун расмий сайтынан www.foms.kg-ММК статусу шилтемеси аркылуу текшерсе болот.  

ММК полисин сатып алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же ММК фондунун аймактык башкармалыгына кайрылып, паспортун көрсөтүп, ММК төгүмдөрүн төлөп, полис алуу керек. ММК полисинин колдонуу мөөнөтү анын наркын төлөгөндөн 5 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 12 календардык ай бою колдонулат. Ошондой эле, ММК полисин электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу, ошондой эле маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары QuickPay, Megacom, Pay 24  аркылуу сатып алууга болот.

ММК полисин алууда жаран камсыздандырылган жарандын бардык укуктарынан пайдаланат.

Стационарда медициналык жардам көрсөтүү эрежелери кандай?

Шашылыш көрсөткүчтөр боюнча стационарга түшкөн бардык оорулууларга өмүрүнө коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин шашылыш медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.

Өмүргө коркунуч туудурган абалдан чыгарылгандан кийин, бейтап Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык берилүүчү жеңилдиктерди эске алуу менен жолдомосу бар катары пландуу стационардык жардам көрсөтүү шарттары боюнча тейлөөгө которулат же амбулатордук шарттарда дарыланууга жөнөтүлөт. Бул этапта бейтаптарга кошумча төлөө жүргүзүлөт.

Пландаштырылган оорулуулар адистен ооруканага жаткырууга жолдомосуна жана БМСЖ (ҮМБ/ЖДПБ) уюмдарында жүргүзүлгөн лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары болушу керек.

Кошумча төлөмдүн өлчөмү төмөнкүлөргө жараша болот:

- оорунун профилине (терапевттик же хирургиялык);

-ММК боюнча камсыздандырылгандыгына;

-жеңилдиктердин болушуна;

- ооруканага жаткырууга жолдомого.

Социалдык статусу боюнча калктын жеңилдетилген категориясы (36 категория) пландаштырылган госпиталдаштырууда кошумча төлөм төлөбөйт. Бул категориядагы жарандарды 3 жана андан ашык пландуу ооруканага жаткыруу 6 жашка чейинки балдарды кошпогондо, орто деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөө менен жүргүзүлөт. Ошентип жылына эки пландуу ооруканага жаткыруу - акысыз.

Медициналык көрсөткүчтөр боюнча жарандардын жеңилдетилген категориясы (18 категория) негизги оорунун клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча гана кошумча төлөм төлөбөстөн госпиталдаштырууга укуктуу.

70 жашка чейинки пенсионерлер, социалдык жөлөкпул алган адамдар акынын минималдуу өлчөмүн төлөшөт. Бул терапиялык бөлүмүнө жаткырууда 330 сомду, хирургиялык кийлигишүү үчүн ооруканага жаткырууда 430 сомду түзөт.

Камсыздандырылган категория кошумча төлөмдүн орточо деңгээлин төлөйт. Бул 840 сом/1090 сом (терапевттик/хирургиялык бөлүмдөрүнө) шаардык, райондук, облустук ооруканаларда, республикалык уюмдарда жана улуттук борборлордо – 1160 сом/1510 сом.

Жарандардын калган категориясы (камсыздандырылбаган) кошумча төлөмдүн максималдуу деңгээлин төлөшөт жана ал шаардык жана райондук стационарларда 8400 сом/9170 сом, республикалык уюмдарда жана улуттук борборлордо 11170 сом/14310 сомду түзөт.

Суроолор дагы барбы?

Медициналык кызмат алууда суроолор пайда болгон учурда сиз ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына кайрылсаңыз болот. Бардык абоненттер үчүн чалуулар акысыз.

Биздин максат: ден соолукту коргоо тармагында жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо!

Биздин дарек: 720040,  Бишкек шаары,  Чүй пр., 122.

Тел.: 66-35-51, факс: 62-65-19

Е – mail: mail@foms.kg