Жеңилдетилген дары-дармектер «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары аркылуу гана берилет
26.06.2026
Бишкек шаарынын тургундары үчүн маанилүү маалымат: МКП жана Кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы (КММКП) боюнча жеңилдетилген дары-дармектер «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары аркылуу гана берилет.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) шаардыктарды жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо системасында маанилүү өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайт.
Бишкек шаарынын аймагында 2026-жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейин КР ССМнын (30.05.2026 № 588 буйругу) пилоттук долбоору ишке кирет.
Жаңы эрежеге ылайык жарандар ММК Кошумча программасы жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) боюнча жеңилдетилген дары-дармектерди сатып алышат жана аны «Кыргызфармация» МИ «Эл Аман» мамлекеттик дарыкана тармактары аркылуу гана алышат.
Эми борбордун тургундары үчүн бардык электрондук рецептер боюнча берилген дары-дармектер мындан ары «Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларында гана берилет.
ММК фонду камсыздандырылган жарандарга тиешелүү медициналык көрсөткүчтөрү болсо, алар жеңилдетилген дары-дармектерди электрондук рецепттер аркылуу 50%га чейинки арзандатуу менен сатып аларын эскертет. Жеткиликтүү дары-дармектердин толук тизмесин үй-бүлөлүк дарыгерден (ҮДТ/ҮДТ) алса болот же ММК фондунун расмий сайтынан таанышса болот.
Мындан тышкары бейтаптын беш категория оорулары болсо, алар дары-дармек каражаттарын 90%га арзандатуу менен алууга укуктуу:
• Бронх астмасы;
• Параноиддик шизофрения;
• Ар кандай аффективдүү бузулуулар;
• Эпилепсия;
• Онкологиялык оорулардын терминалдык стадиясы.