Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Жаңылыктар

Шашылыш медициналык жардам АКЫСЫЗ. Шашылыш медициналык жардам адам өмүрүнө коркунуч болгон учурда (бул учурда жолдомо- кат (направление) т?

Шашылыш медициналык жардам АКЫСЫЗ. Шашылыш медициналык жардам адам өмүрүнө коркунуч болгон учурда (бул учурда жолдомо- кат (направление) т?

Posted on 23.03.2022

Шашылыш медициналык жардам адам өмүрүнө коркунуч болгон учурда (бул учурда жолдомо- кат (направление) талап кылынбайт) көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасында бардык жарандарга күнү-түнү баардык дарылоо мекемелерде, алардын өздүгүнө (мамлекеттик, жеке менчик) карабастан АКЫСЫЗ көрсөтүлөт. Эгерде медициналык жардам менен камсыз болуу боюнча суроолор пайда болсо: ММК Фондунун «Ыкчам байланыш» 113 номерине кайрылыныздар. Байланыш баардык байланыш түйүндөрүнөн акысыз.  
Кош бойлуу аялдарга ММК Полиси

Кош бойлуу аялдарга ММК Полиси

Posted on 11.03.2022

Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна (ҮДТ), Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ), Жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда (ЖДПБ) амбулатордук шартта камсыздандырылбаган, кош бойлуулугу боюнча каттоого турган аялдар арасында ММК Полиси акысыз таркатылат. ММК Полиси кош бойлуу аялга амбулатордук шартта ММК Фондунун Кошумча программасынын алкагында көрсөткүчүнө жараша дарыгер жазып берген рецепттин негизинде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз болгонго мүмүкүнчүлук берет. Эгерде ММК...
Январь айында 120 медициналык кызматкерге 3 млн 095,3 миң сом компенсация төлөп берди

Январь айында 120 медициналык кызматкерге 3 млн 095,3 миң сом компенсация төлөп берди

Posted on 10.03.2022

ММК фондунун Жалал-Абад аймактык башкармалыгы 2022-жылдын январь айында 120 медициналык кызматкерге 3 млн 095,3 миң сом компенсация төлөп берди. Анын ичинен: **Кок -Жангак жалпы дарыгерлер практикалык борбору (ЖДПБ) 92 медкызматкерге – 2 млн 577,9 миң сом берилди; ** Ала-Бука ЖДПБ 5 медкызматкерге – 63,4 миң сом берилди; ** Базар-Коргон ЖДПБ 9 медкызматкерге – 403,2 миң сом берилди; ** Кочкор-Ата ЖДПБ – 14 медкызматкерге – 50,8 миң сом берилди.
Урматтуу айымдар!

Урматтуу айымдар!

Posted on 07.03.2022

Урматтуу айымдар! Сиздерди 8-Март - аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Аялзатын эң биринчи мээримдүү эне, жашоонун жарыгы, үйдүн куту деп элестетебиз. Тилегеним эч бир үйдүн куту өчпөсүн, асыл апаларыбыздын башынан ак элечеги түшпөсүн, энелердин ыйы болбосун, өлкөдө тынччылык жана токчулук болсун. Ушул кереметтүү жаз күнү Сиздерге бакыт-таалай, талыкпас кайрат каалайм. Ойлогон оюңуздар, ишенген үмүтүңүздөр орундалсын. Жаз майрамыңыздар кут болсун! Урматым менен,...
Гипертония оорусун кантип алдын алса болот?

Гипертония оорусун кантип алдын алса болот?

Posted on 01.03.2022

Ар жылы дарыгерлер амбулатордук деңгээлде гипертониялык ооруларды эркектердин жана аялдардын арасынан табышат, бирок алардын жарымы өздөрүндө коркунучтуу оору бар экенине шектенишпейт. 2020-жыл боюнча караганда, биринчи жолу 23 865 адам жогорку артериалдык кан басымы менен жаңы табылып, биринчи жолу каттоого алынышкан. (КР ССМ алдындагы Республикалык электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы). Гипертониялык оорусунун кабылдоолорун азайтуу, ошондой эле ( инсульт, инфаркт жана...
Шашылыш медициналык жардамга медициналык кызматтын кайсы түрлөрү кирет?

Шашылыш медициналык жардамга медициналык кызматтын кайсы түрлөрү кирет?

Posted on 16.02.2022

Шашылыш медициналык жардамга медициналык кызматтын кайсы түрлөрү кирет? Шашылыш медициналык жардам – бул жашоо көрсөткүчтөрү боюнча өмүргө коркунуч жараткан жана шашылыш түрдө медициналык жардамды талап кылган учурлар: - кокустан болгон кырсык; - травма; - уулануу; - башка оорулар жана абалдар. Шашылыш медициналык жардам, анын ичинде дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келүүчү абалдан чыкканга чейин...
Акысыз жана жеңилдетилген шартта медициналык кызмат алуу үчүн кандай шарттар каралган?

Акысыз жана жеңилдетилген шартта медициналык кызмат алуу үчүн кандай шарттар каралган?

Posted on 10.02.2022

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз жана жеңилдетилген шартта медициналык кызмат алуу үчүн кандай шарттар каралган? Акысыз жана жеңилдетилген шартта медициналык-санитардык жардам төмөнкү документтердин негизинде көрсөтүлөт: - паспорт; - 16 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганга чейин туулгандыгы тууралуу справка; - пенсиялык күбөлүк; - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полиси (ММК Полиси)...
Морфинофобия паллиативдик пациенттин абалын начарлатат

Морфинофобия паллиативдик пациенттин абалын начарлатат

Posted on 08.02.2022

Паллиативдик жардамдын ресурстук борборунун медициналык кызматкерлери паллиативдик пациенттин жашоо сапатын сактап калуу үчүн ооруну басаңдатуучу морфинди ичүүгө көндүрө алышты. Көкүрөк рагы диагнозу менен Чүй облусунун 40 жаштагы тургуну "каттуу оорудан " кыйналган, бирок морфин алуудан корккон Анара паллиативдик жардам көрсөтүү боюнча ресурстук борборго кайрылды. Борбордун дарыгерлери консультациядан кийин оорулуунун жалпы абалын жеңилдетип, жашоо сапатын жакшыртуучу морфиндин дозасын...
Кош бойлуу аялдарга амбулатордук жана стационардык шартта акысыз медициналык кызмат алуу укугу каралган

Кош бойлуу аялдарга амбулатордук жана стационардык шартта акысыз медициналык кызмат алуу укугу каралган

Posted on 01.02.2022

Баардык кош бойлуу аялдарга амбулатордук жана стационардык шартта акысыз медициналык кызмат алуу укугу каралган ММК Фонду Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында кош бойлуу аялдар амбулатордук жана стационардык шарттарда медициналык –санитардык жардам алууда акысыз дарылануу укугуна ээ экендигин эскертет : -кош бойлуулугу менен каттоого турган баардык аялдар; -төрөткө келген аялдар; -төрөттөн...
Калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатына  баа берүү жүргүзүлдү.

Калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатына баа берүү жүргүзүлдү.

Posted on 27.01.2022

ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери  Ат-Башы райондук Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда баалоо картасынын негизинде калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатына баа берүү үчүн ооруканада жана тандалып алынган ҮДТда баа берүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда медициналык карталарга экспертиза жүргүзүлүп, медицина кызматкерлеринин биринчи медициналык жардам көрсөтүүдө билим деңгээлдерине баа берилди, ошондой эле дарыланып чыккан бейтаптар жана...