Жаңылыктар

Үй-бүлөлүк медицина борборунда акысыз анализ тапшыруу үчүн кандай шарттарды сактоо керек?
Posted on 03.10.2024
Үй-бүлөлүк медицина борборунда базалык (12 түр) жана кошумча (42 түр) анализдерден акысыз өтүү үчүн үч шартты аткаруу зарыл:
** ММК боюнча камсыздандырылышы керек
** ҮМБда үй-бүлөлүк дарыгерге жазылуу
** дарыгерден лабораторияга жолдомо алуу
Суроолоруңуз барбы?
113, күнү-түнү (дем алыш күндөрдөн тышкары) ММК фондунун тынымсыз байланышына чалыңыз.
Бардык чалуулар акысыз.
.jpg)
ММКфондун активисттер менен биргелешкен маалымат кампаниясынын алгачкы жыйынтыктары чыгарылды: Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустары лидер
Posted on 02.10.2024
Азамат Мукановдун төрагалыгы алдында ММК фонду тарабынан уюштурулган лидерлерди жана активисттерди тартуу боюнча маалыматтык кампаниянын алкагында өлкө боюнча аймактык башкармалыктардын директорлорунун катышуусунда тренинг өткөрүлдү.
ММК Полисин ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө алгачкы жыйынтыктар чыгарылып,:
1. Чүй облусу
2. Баткен облусу
3. Ысык-Көл облусу
Алдыңкы үч аймактык башкармалыктын директорлору облустун активисттери жана лидерлери менен тажрыйба...
ММКфондун активисттер менен биргелешкен маалымат кампаниясынын алгачкы жыйынтыктары чыгарылды: Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустары лидер
Posted on 02.10.2024
Азамат Мукановдун төрагалыгы алдында ММК фонду тарабынан уюштурулган лидерлерди жана активисттерди тартуу боюнча маалыматтык кампаниянын алкагында өлкө боюнча аймактык башкармалыктардын директорлорунун катышуусунда тренинг өткөрүлдү.
ММК Полисин ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө алгачкы жыйынтыктар чыгарылып,:
1. Чүй облусу
2. Баткен облусу
3. Ысык-Көл облусу
Алдыңкы үч аймактык башкармалыктын директорлору облустун активисттери жана лидерлери менен тажрыйба...

Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Posted on 01.10.2024
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
“Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал”,
“Кары келсе ашка, жаш келсе ишке” деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.
Бул улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз.
Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун...

Сиздерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!
Posted on 23.09.2024
Урматту кесиптештер!
Сиздерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!
Кыргыз тили – эгемендүү эркин мамлекетибизде элибиздин эркиндигин айгинелеген мамлекеттик тили.
1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун ыйгаруу менен, эгемендүү мамлекетти курууга орчундуу кадам жасаган.
Мыйзам кабыл алынган күндөн бери...

Пенсионерлер үчүн жеңилдетилген медициналык кызмат пенсия күбөлүгү болгондо гана көрсөтүлөт
Posted on 12.09.2024
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн пенсиялык күбөлүктү көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө пенсия курагындагы жарандарга эскертилет.
Пенсиялык күбөлүгү жок болгон учурда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеңилдиктер берилбейт.
Кыргыз Республикасынын пенсиялык күбөлүгү болгон учурда пенсионерлерге кандай жеңилдиктер кепилденет
1. Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо (ҮМБ):
- Акысыз...

Ар бир бейтап ооруканага түшкөндө анын камсыздандырылган-камсыздандырылбаганын текшерүү маанилүү
Posted on 04.09.2024
Маанилүү!
Ар бир бейтап ооруканага түшкөндө анын камсыздандырылган-камсыздандырылбаганын текшерүү маанилүү.
Ден соолук камсыздандыруусу жок болсо, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү толук төлөп берүүгө туура келет.
Бул мыйзам тарабынан белгиленген милдеттүү чара жана күтүлбөгөн чыгашалардан качууга мүмкүндүк берет.
Этият болуңуз жана медициналык жардамга кайрылаардан мурун полисиңиз бар экенине ынаныңыз.

Кош бойлуу кезде бөйрөк оорусунан кантип сактануу керек
Posted on 01.07.2024
Кош бойлуу аялдардын жашыруун заара-жыныс жугуштуу ооруларын өз убагында аныктоо балада да, энеде да олуттуу кыйынчылыктарды азайтууга жардам берет. Аялдар кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин каттоодон өтүшү керек, ошондуктан дарыгерлер аларды текшерип, заара чыгаруу жолдорунун жашыруун инфекциясына шек болсо, Грам ыкмасы менен бактериурияга заара анализин жазып беришет. Анализ бекер жүргүзүлөт.
Маанилүү шарт – кош бойлуу аял үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда (ҮМБ) каттоодо болуп,...

ММКФ: ММК полисинин алкагында кант диабетин кантип көзөмөлдөшү керек
Posted on 26.06.2024
ММК полиси боюнча көрсөтүлүүчү алдын алуу чаралары кант диабетин эрте аныктоого жана олуттуу оорулардын алдын алууга багытталган.
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында катталган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) жыл сайын профилактикалык кароодон өткөрүүнүн аркасында жашыруун жана коркунучтуу кант диабетин өз убагында аныктоо мүмкүн .
Эгерде оорунун алгачкы белгилери байкалса, диагноз коюу жана дарылоо үчүн...

ММКнын жеңилдетилген программаларына киргизүү үчүн жаңы дары-дармек каражаттарына билдирмелерди кабыл алуу уланууда
Posted on 21.06.2024
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) ММКнын Кошумча программасы боюнча камсыздандырылган жарандарга орду толтурула турган "жеңилдетилген дары-дармек каражаттарынын тизмесин" ф инансылык оорчулукту азайтуу жана дарыланууга муктаж жарандардын керектүү дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ММКФ жеңилдетилген дары-дармектердин бул тизмесин кеңейтет жана бардык кызыкдар болгон уюмдарды бул тизмеге жаңы препараттарды киргизүү үчүн өз сунуштарын берүүгө...